№46 Орто мектеби №46 Жалпы орто билим берүү мектеби

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Баланы 1-класска электрондук кезек менен кантип киргизүү керек?
Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте быйылкы жылдын 15-февралынан тарта “Бишкек шаарынын мектептерине электрондук кезекке туруу” пилоттук долбоорун баштаганы турат.

 

Долбоорго ылайык, 2019-2020-окуу жылынын башында Бишкек шаарынын мектептерине балдарын 1-класска бере турган ата-энелердин бардыгы милдеттүү түрдө электрондук кезекке турушу зарыл. Башкача айтканда, электрондук кезекке турбаган бала мектепке кабыл алынбайт.

 

Электрондук кезекке качан туруп баштоо керек?

 

1-этап. 15-февралдан 15-майга чейин микроучастоктун балдарын каттоо башталат. Башкача айтканда, эгер ата-эне баласын өзү жашаган аймакта жайгашкан мектепке берем десе, 15-февралдан 15-майга чейин арыз калтырса болот.

 

2-этап. Ал эми жаңы конуштарда жашап, бирок баласын 1-класска шаардын ичиндеги мектепке киргизүүнү каалаган ата-энелер болсо, аларды каттоо 16-майдан 15-августка чейин жүрмөкчү. Бул аралыкта ата-энелер каалаган мектебине электрондук кезекке тура алышат.

 

Микроучасток боюнча арыз 15-февралдан 15-майга чейин кабыл алынса, каалаган мектебине берем деген ата-энелер 16-майдан 15-августка чейин электрондук каттоого турушат.

 

Жашаган аймак кайсы мектептин микроучастогуна тиешелүү экенин кантип билсе болот?

 

— www.mektep.edu.gov.kg сайтына кирип районуңузду көрсөтөсүз;

 

— жашаган жериңиздин дарегин тизмеден таап, ал жактан кайсы мектептин микроучастогуна кирериңизди аныктап алсаңыз болот.

 

Электрондук кезекке кантип туруу керек?

 

— www.mektep.edu.gov.kg сайтына киресиз. Сайт ачык, баарына жеткиликтүү, акысыз. Пилоттук долбоор 15-февралдан тарта старт алганы жаткандыктан сайт дагы 15-февралдан тарта иштей баштайт.

 

— “Арыз берүү” деген бөлүмүн басып ал жактан бош талааны толтурасыз. Электрондук кезекке турууда атасынын же энесинин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн аты-жөнү, паспорттогу керектүү маалыматтары, жашаган дареги, телефон номерлери, электрондук дареги жазылып, документтердин көчүрмөсү тиркелет. Андан соң 1-класска кире турчу баланын аты-жөнү, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү маалыматы жазылып, документтин көчүрмөсү тиркелет. Жашаган жеринен маалымкат 1-этапта гана талап кылынат. Ал эми экинчи этапта жашаган жеринен маалымкат зарыл эмес.

 

— Электрондук арыздарды ар бир мектептин жетекчиси өзү карап текшерет. Кокус туура эмес толтурулуп калса, үч күндүн ичинде ата-эненин электрондук дарегине билдирүү келет.

 

— Мектепке электрондук каттоо системасынан “кабыл алынды” деген билдирүү келгенден кийин ата-эне 5-сентябрдан кеч калбай керектүү документтердин оригиналын ошол мектепке барып тапшырышы керек.

 

Баланы мектепке киргизүүдөгү керектүү документтер:

 

— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (оригинал жана көчүрмө);

 

— ата-энесинин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;

 

— ден соолугунун абалы тууралуу медициналык справка (Ф-26);

 

— Баланын эмделгендиги тууралуу медициналык справка (Ф-63);

 

— Баланы мектепке киргизүүдө ден соолугунун абалы тууралуу медициналык справка;

 

— 3×4 сүрөт

 

— Ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жашаган жеринен справка.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кандай балдар жеңилдик менен кире алышат?

 

Балдардын баары электрондук кезекке турат, бирок биринчи бош орундарды “жеңилдик берилген” жарандар алат. Ал эми калган балдар кезектин жалпы тартиби боюнча кете берет. Жеңилдик алгандар:

 

— аскер кызматкерлеринин балдары (кызмат өтөп жаткан ата-энелер паспортунун көчүрмөсүн, аскердик күбөлүгүн, сүрөтүнүн көчүрмөсүн алып келүүсү абзел);

 

— Кыргызстанга көчүп келген кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары (кайрылман статусун тастыктаган документин көрсөтүшү зарыл).

 

Жашаган жери боюнча эмес, ата-энелердин каалоосу менен электрондук кезекке турган балдар мектепте бош орун болсо гана кабыл алынат.

 

Жеке менчик мектептерге да электрондук кезекке туруу керекпи?

 

Жок, бул долбоор мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде гана иштемекчи. Эске салсак, долбоор быйыл Бишкек шаарында гана иштеп баштайт.

 

Биринчи класска кирүүдө бала экзамен тапшыруусу зарылбы?

 

Мыйзам боюнча баланы 1-класска кабыл алууда алардан экзамен, тест алып, сынак жүргүзүп билим деңгээлин текшерүүгө жол берилбейт.

 

Электрондук кезекке туруу акысызбы?

 

Арыз ээси кезекти тездетүү процессине эч кандай таасирин тийгизе албайт жана каттоо акысыз.