“К. Тыныстановдун 120 жылдыгына карата” мугалимдер жана окуучулар үчүн тегерек стол
Бүгүн, 19-майда №46 -орто мектебинде мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, драматург, кыргыздын биринчи окумуштуусу, кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү К. Тыныстановдун 120 жылдыгына карата мугалимдер жана окуучулар үчүн тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго жогорку окуу жайлардын окутуучулары, илимдин кандидаты, доценттери катышты. Алар коомдук ишмердин урунттуу, кызыктуу жерлерин айтышып, пайдалуу маек куруп беришти.
Тегерек столду мектебибиздин жаш мугалимдеринин бири Жолдошбекова Акылжан уюштуруп, К. Тыныстановдун эл үчүн жасаган эмгектери, басып өткөн өмүр жолу жөнүндө кенен токтолду
Комментарии