“1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнү”
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата 2018-жылдын 29-ноябрь күнү №46 орто мектебинде “СПИДди токтотобуз! Убадабызды аткарабыз!” деген темада иш чара өттү. Иш чаранын жүрүшүндө 5-11-класстар арасында “СПИДди токтотобуз” аттуу акция уюштурулуп, ага окуучулар СПИДге каршы күрөшүүнүн символу болгон кызыл лента тагынып келишти.
Иш чаранын экинчи бөлүгүндө мектеп парламенти жана 9-10-класстар тарабынан уюштурулган “Сен жалгыз эмессиң” аттуу форум театр коюлду. Форум театрдын негизги максаты азыркы жаштардын туура жолду тандоого өбөлгө түзүү жана жаркын келечекке үндөө. Окуучулар жолдон адашып тамеки, спирт ичимдиктерин, наша колдонгон жаш баланын кейпин чагылдырышып, ошол менен катар баланын ички жан дүйнөсүндөгү абалды көргөзүп беришти. Акырында баланын достору анын жалгыз эмес экендигин далилдеп, жаркын жашоого чакырып, жардамдарын аябай тумандуу жашоодон сууруп чыгышты.
“СПИД кылым душманы” аттуу видеоролик көргөзүлдү.
Самарова Айкерим Айбековна “СПИД илдетинин келип чыгуу тарыхы” деген темада доклад окуду.
1-декабрь СПИД менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата иш-чараларды жүзөгө
ашыруу алкагында №46 орто мектебинин окуучулары Билим берүү башкармалыгы
тарабынан уюштурулган "Статусуңду бил" аттуу шаардык конкурска катышып,
кийизден, колго жасалган дубал гезит шаардык мектептер арасында эң мыкты
деп табылган.
Бул эң жакшы жасалгага 7-б орус тилдүү классынын окуучулары "Акылдуу саат"
жана башка белектер менен сыйланышкан.
Комментарии