№46 Орто мектеби №46 Жалпы орто билим берүү мектеби

Окуу-тарбиялык иштер

Бишкек  шаарынын мектептеринин ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктарынын анализи

2017-2018 -окуу жылы

Мекеменин аталышы :_____№46 жалпы билим берүү орто мектеби________________________
Анализдин багыттары
 

Билим берүү мекемесинин ресурстук базасы

 

 

 

Китепкана  фондуОкуу китеби   – 15 753      даанаКөркөм адабият китеби   – 5 711       даана

 

Педагогикалык кадрлардын курамы: __68___ мугалимдер___4__магистр

__52__- жогорку билим ,

___2___бакалавр

__8__ – атайын орто билим

___ –  орто билим

__2_ – бүтпөгөн жогору

Окуучулардын контингенти: –

окуучу

 

Башталгыч мектеп797
Ортоңку баскыч

 (5-9-класстар)

753
Жогорку баскыч

(10-11-класстар)

111
Класс-комплектисинин саны: ___52Башталгыч мектеп22
Ортоңку баскыч

 (5-9-класстар)

25
Жогорку баскыч

(10-11-класстар)

5
 

Тарбияи штеринин анализи

 

Иштин багыттары:Мектепте 2017-2018 окуу жылында  тарбия иштери төмөндөгү багыттар ,боюнча жүргүзүлдү:

1.Адеп-ахлактуулукка   тарбиялоо

2.Эстетикалык тарбиялоо

3.Эмгекке тарбиялоо

4.Ден соолукту чыңдоо

5.Патриоттуулукка тарбиялоо

6.Окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюмун өркүндөтүу

7.Укук бузууларды алдын алуу

8.Кесипке багыт берүү

Тарбиялык иш чараларды бардык педагогикалык коллектив жана тарбия кызматы ишке ишке ашырды алар:тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акматов У.Б.ЖӨИБ инспектору Кадыркулов З.К.мектептин социалдык педагогу Жакыпова А.А.мектеп психологу Бакытоа Т.Б.класс жетекчилер,дене тарбия мугалимдери,ийрим жетекчилери алып барды.

2017-2018 окуу жылынын тарбиялык иш чараларын анализдеп,жүргүзүлгон иштерге токтолсок.

1.Адеп-ахлактуулукка жана эстетикалык  тарбиялоо

Жыл ичинде класс жетекчилер “укук бкзууну алдын алуу”,окуучунун жүрум турум эрежеси,укук жана милдет,сабырдуулук  ж.б.темаларда окуучулар менен жекече иштерди жана класстык сааттарды өтүп,мектепте өткөрүлгөн иш-чараларга тобокел тобундагы балдарды тартышып,системалуу иш алып барышты.Жыл сайын мектепте балдардын арасында уку бузууну алдын алуу боюча кеңешме шайланат.Кенешменин курамына:ата-энелер комитетинен 1 мүчө,тарбия иштери боюнча директордун орун басары,мектеп директору,ЖӨИБ инспектору,социалдык педагог ,психолог,мектептин “Максат”парламентинин башчысы,директордун ОТИ директордун орун басарлары кирет.Кеңешме өзүнун биринчи отурумунда балдардын арасында  укук бузууну алдын алуу боюнча планын бекитти.Бекитилген пландын негизинде төмөндөгүдөй  иштер аткарылды:

1. “Татаал”жана тобокел тобундагы окуучуларды аныктады.

2.Тобокел тобундагы окуучулардын ата-энелери менен жолугушууларды өткөрдү.

3.Ар бир жуманын үчүнчү күнү  окуучулардын арасында укук бузууну алдын алуу күндөрү өткөрүлүп,ал күндөрү конкурстар,лекциялар,чогулуштар,укук бузууну алдын алуу боюнча дубал газеталар чыгарылды.

4.класс жетекчилердин кайрылуусунун негизинде айына бир жолу укук бузууну алдын алуу кеңешме өзүнүн отурумуна чогулуп,окуучулар жана ата-энелери менен иш алып барды.

Укук бузууну алдын алуу кеңешмесинин баардык отурумдары протоколдонуп журналга түшүрүлдү.Мектептик кеңешме  инспектор ЖӨИБ инспектору  Кадыркулов З.К.менен тыкыз иш алып барды.Укук бузууну алдын алуу  боюнча натыйжалуу иштөө максатында  ЖӨИБ инспектору менен жылдык план түзүлүп,ал план Свердлов РИИБинин жетечилиги менен макулдашылып,

мектеп директору тарабынан бекитилген.Планда окуучуларга жана эмгек жамаатка укуктук лекциялар,рейдтер,укук бузган балдардын ата-энелери менен иштөө иш чаралары бекитилген.Ошондой эле укук бузууну алдын алуу максатында класстык сааттар,тематикалык сүйлөшүүлөр класс жетекчилер тарабынан өткөрүлдү алар:

1.Салттуу иш-чаралар:билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка,мамлекеттик тил кунү,кузгү бал,карылар күнү,мугалимдер күнү,СПИДке каршы күнү,жаңы жылдык майрамдар,21-февраль эне ти күнү,23-февраль ата мекенди коргоочулар күнү,Эр жигит,8-март,улуу жеңиштин 73 жылдыгы.

2.Жыл ичинде жалпы мектеп боюнча бир тематикадагы класстык сааттар өтүлдү.

1.1-сентябрда “мекеним –Кыргызстан”,мен өлкөмдүн өнүгүшүнө кандай салым кошо алам.

2.Окуучулардын жеке гигиенасы,техника жана коопсуздук эрежелери.

3. “Өрт тилсиз жоо”

4. “Кутурма деген эмне?”

5. “23-сентябрь мамлекеттик тил күнү”

6. “Карысы бардын ырысы бар”

7. “Мугалим мөмөлүү дарак”

8. “Жолдо жүрсөн сак бол,жол эрежеге так бол!”

9. “Экстремизмге-жол жок”

10. “Биз биргебиз”

11. СПИД-XXI- кылымдын чумасы

12. Биз-алкогализимге каршыбыз!

13. Насвай,наркомания,тамекинин зыяндуулугу

14. “Коррупция”

15. Чыңгыз Айматов залкар жазуучу

16.Мен жана менин укугум

17. “Тазалык жана тартип биздин девиз”

18. “Терроризм” жана диний экстремизм

19.Жакшы деген эмне?

20.Ичеги карын оорууларын алдын алуу

21.Биз жана жаратылыш

22.Грипптен сактанабыз

23.Мен  өлкөм менен сыймыктанам.

24.Гендер деген эмне?

25.Адеп жана анын мааниси

26.Гепатитти алдын алуу

27.9-май Улуу Жеңиш күнү

28.Кургак учук менен күрөшүү жалпыбыздын милдетибиз!

30.Менин кесибимдин келечектеги пайдасы.

3.жыл ичин де мектепте ар кандай конкурстар,сүрөт көргөзмөлөрү,дил баян  жана рефераттардын конкурстары өткөрүлүп турду.

4.Андан тышкары мектепте директордун алдындагы кеңешме ай сайын өткөрүлүп турду.

5.ЖӨИБ инспектору Кадыркулов З.К.жыл ичинде 6-11 класстын окуучуларына “топтошуп алып мушташуу”, “рэкет деген эмне?”, “укугуңду жана милдетиңди унутпа!”,”Насвай”, “Кылмыш деген эмне?”деген темаларда 48 жолу лекциялар жана укук бузууну алдын алуу боюнча сүйлөшүлөр жана   чогулуштар өткөрүлдү.

2.Ден соолукту чыңоого тарбиялоо

2017-2018 окуу жылында ден соолукту чыңоо жан саламат жашоо жаатында №46 орто мектебинде төмөндөгүдөй иш чаралар жүргүзүлдү:Мектеп №3 бейтапканасы менен менен биргеликте план түзүп бекитти.Ар жума сайын мектеп медайымы тарабынан окуучулардын өздүк  гигиенасы текшерилип,эмдөөлөр өз убагында жүргузүлүп турду.Ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында мээрман айым Чаарова А.А. лекцияларды окуп,аңгемелешүүлөрдү өткөрдү.Мектептин мед.кабинети мед.жабдуулар менен жабдылып оорулар жөнүндө маалыматтар илинип,окуучулардын мед.документтери толукталды.Окуу кабинеттери жашылдандырылып ,сан.гигиена жөнүндө бурчтар уюшулду.Мектеп ичинде жыл ичи спорт ийримдери (волейбол,баскетбол,футбол) иштеди.Ийримге катышкан окуучулар райондук,шаардык спорттук мелдештерге активдүү катышып шаардык мектеп лигада №46 орто мектебининин волейбол командасы 1 орунду багындырышты.Кышкы эс алуу учурунда ийрим жетекчиси Мырзакаримов Ж.Б спорттук турнир өткөрүп,ал турнирге 8-11 класстын окуучулары катышып,биринчи орунду 11 б/к алды.Класс жетекчилер жыл ичинде жугуштуу оорулар,наркомания,тамеки чегүү жөнүндө класстык сааттарды өтүштү.23-февраль ата-мекенди коргоочулар күнүнө карата “Атам-апам жана мен” аттуу спорттук турнир өткөрүлүп ага 4 класстын окуучулары жана ата-энелери катышышты.

3.Патриоттуулукка тарбиялоо

Патриоттуулукка  тарбиялоо боюнча №46 орто мектебинде төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:1-сентябрда баардык класстарда “Мекеним менин-Кыргызстан” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү.1-октябрь карылардын күнуно карата мектеп парламенти уюштурган “Карысы бардын-ырысы бар”деген акция өткөрүп 30 тамак аш пакеттери даярдалып,МТУ 20 кварталдык комиттетери менен биргеликте кары адамдарга тапшырылды.11-декабрда диний экстремизимди жана терроризмди алдын алуу максатында 9 а классынын окуучулары Бишкек шаарынын билим берүү борбору улуттук филармонияда уюштурган форумга катышышты.Ал эми Бишкеке шаарынын 140-жылдыгын белгилөө планынын негизинде 10 а,9 а класстарынын окуучулары курчак театрынын аймагын тазалап ишенбилик өткөрүштү.11 февральда райондукдеңгеелде өткөрүлгөн “Жоокер” конкурсунда №46 орто мектебинин командасы мыкты команда деген  орунга ээ болушту.Ошондой эле райондук Эр жигит конкурсуна катышышты.Жолдогу балдар арасындагы кырсыкты алдын алуу планынын негизинде  №46 орто мектебинин “Патруль” командасы ЮИДД-2018 кароо сынагында 3 орунду багындырышты.5-декабрь майыптардын эл аралык кунүнө карата №46 мектебинин парламент мүчөлөрү майып балдарга оюн-зоок тартуулап кайтышты.Ошондой эле жыл сайын өтүүчү “Күзгү бал” майрамы 8-11 класстар арасында жогорку деңгээлде өткөрүлдү.1-декабрьэл аралык СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата 8 а,б класстары мектептин актовый залында “Суд над СПИДом”аттуу иш чара уюштурушту.Ал эми  №3 ҮДТ 8-11 класстын окуучуларына лекция окушту.21-февраль Эне тил күнүндө мектепте “тил-достуктун көпүрөсү” деген фестиваль өткөрүлдү.Бул фестивалдын жыйынтыгында 10  б/к 1 орунду ээлеп,райондук конкурста 3 орунду алышып,шаардык конкурстан 4 орунду алышты.Бишкеке шаарынын 140 жылдыгына карата Свердлов райондук мамлекеттик администрациясы өткөргөн спорттук иш чарада №46 орто мектебинин окуучуларынын командасы 2 орунду  ээлешти.Ай-данектин 20 жылдык маарекесине мектептеп

1.Туктасин кызы Адина

2.Карыбеков Эмир

3.Карабеков Данияр

катышып спорт сарайында өткөрүлгөн гала концертте 3 ыр аткарышып жыйынтыгында балуу белектерди алышты.Коррупцияны алдын алуу максатында 9-декабрда тегерек стол уюштурулуп ,мектеп парламенти “Стоп коррупция”деген темада доклад окушту.15-февральда Афган согушунун 29жылдыгына карата мектепте Афган ардагерлери чакырылып,ийрим катышычуулары майрамдык концерт тартулашты.23-февраль ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата  5-11 класстар дубал газеталарды чыгарып, а нука  парни! Конкурсу уюштурулду.3-март мамлекеттик туунун 26 жылдыгына карата 1-11 кластардын класс жетекчилери класстык сааттарды өтүштү.Мектептин алдында салтанаттуу гимндин коштосуунда  тууну көтөрүү аземи болуп өттү.

4.Балдардын өзүн-өзү башкаруу уюму.

№46  орто мектебинде “Максат” балдардын өзүн-өзү башкаруу уюму түзүлгөн.Уюмда 1671 окуучу катталган.Уюмдун президенти 10 а/классынын окуучусу Токтобаев Даниэл.”Максат”жаш өспүрүмдөр уюму сентябрь айында  өзүнүн курамын толуктап,жаңы окуу жылына карата иш пландарын түзүштү.Карылар күнүнө карата мээримдүүлүк акциясын уюштуруп,конуштагы 30 кары адамга тамак аш пакеттерин тапшырышты.17-майда мектеп парламентинин президенти Токтобаев Д.юридикалык академияда өткөрүлгөн “Укук бузууну алдын алуу”деген форумга катышты.12-феврвльда “Биз укук бузууга каршыбыз”деген тегерек стол өткөрүлүп ага мектеп парламенти активдүү катышып, юридикалык академиянын студенттери менен 8-11 класстын окуучуларына лекция өткөрүштү.Жол кырсыгын алдын алуу максатында мектеп менен ЖККК менен биргелешкен план түзүлдү.Сентябрь айында жалпы класстарга жолдо жүрүү эрежеси боюнча класстык сааттар өткөрүлдү.Ал эми мектеп парламенти сүрөт конкурсун уюштуруп,жеңичүлөрдү “Жол эрежесинин мыкты билерманы”деген номинация менен 3 окуучуну сыйлашты.№ 46 орто мектебинин “Максат” парламентинин мүчөлөрү “Акыл ордо “интелектуалдык оюнуна катышышты.Ошондой эле мектеп парламенти ЦДТСР  менен тыкыз иштешип,жыл аягында парламент мүчөлөрү:

1.Бактыбекова Астра

2.Токтобаев Даниэл

3.Жолдошбек уулу Данияр

грамоталар менен сыйланышты.

9-май Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы мектепте жогорку деңгээлде  белгиленип,ага парламент мүчөлөрү активдүу катышты.

5.Укук бузууну алдын алуу

№46 орто мектеби Свердлов РИИБ менен биргеликте план түзүп,бекитти.Ошондой эле мектепте укук бузууну алдын алуу боюнча стенд уюштурулду.Мектепте окуу жылынын башталышынан бери ЖӨИБ инспектору Кадыркулов З.К. эртең мененки 8-00 дөн 15-00 гө чейин иш алып барып жатты.Инспекторго атайын кабинет уштурулган.2017-2018 окуу жылында Свердлов райондук администрациясынын алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр иштери боюнча коммисияга 6 окуучу ар кандай себебтер менен чыгарылды.6 окуучунун 1  жашы жете элек өспүрүмдөр (ИДН) учетуна 1 жылга тургузулган .Калган 5 окуучу окуу жылынын аягына чейин учетко тургузулган.Каттоого турган окуучулар менен ИДН инспектору мектеп администрациясы гана иштебестен,мектеп психологу,соц.педагог,класс жетекчилер,ийрим жетекчилери,ата-энелер иш алып барды.Ай сайын тартип бузган каттоодо турган окуучулардын ата –энелеринин катышуусунда профилактикалык кеңештин чогулушу өкөрүлүп турду.Мектеп ичинде жаш милициянын достору командасы түзүлүп инспектор Кадыркулов З.га көмөк көрсөтүп,райондук конкурска катышты.Укук бузууну алдын алуу боюнча класстык сааттар,кыздар,балдар чогулуштары,линейкалар жекече сүйлөөшүлөр жүргүзүлүп турду.Сабак калтырган  окуучулардын ата –энелери үчүн чогулуштар өткөрүлүп,убагында чаралар көрүлүп турду.Жыл бою жалпы 1350 окуучу ар кандай театр,музей,цирк,ж.б.барышты.Ошондой эле мектеп тарабынан жардам берилип турду.Жы башынан бери укук бузууну алдын алуу максатында ЖӨИБдин инспектору тарабынан 48 лекция,чогулуштар,форумдар өткөрүлүп турду.Укук бузууну алдын алуу кеңешмеси 18 жолу  кеңешме өткөрүп.кеңешменин жыйынтыгында 12 окуучу мектептин ички көзөмөлүнө алынды.Мектепте өрт коопсуздугун алдын алуу максатында өрткө каршы кызматы менен биргелешкен план түзүлгөн.Класстык сааттар  өткөрүлүп турду.Эвакуациялык пландар,физика,химия кабинеттеринде,жыйындар залында,ашканада,өрт өчүрүүчү баллондор жана эскертүүчү такталар илинди.Жол кырсыгын алдын алуу максатында мектеп менен ГУОБДДе биргелешкен план план түзүлдү.Сентябрь айынан бери 1-11 класстарда класстык сааттар өткөрүлүп турду.Мектептин коридорунда жол эрежелери боюнча баннер илинди.1-4 класстарга “Жолдо жүрсөн сак бол,жол эрежеге так бол!” деген темада класстык сааттар өткөрүлдү.Ошондой эле мектепте 7 окуучудан турган “Патруль”командасы түзүлгөн.Райондук ЮИДД-2018 кароо сынагына катышып 3 орунду ээлешти.

7.Кесипке багыт берүү

№46 орто мектебинде кесипке багыт берүү боюнча план түзүлүп,пландын негизинде төмөндөгү иш чаралар өткөрүлдү:

9-11 класстарга кесипке багыт берүү боюнча “Ар бир кесип”ардактуу  деген темада класстык сааттар өткөрүлдү.Апрель,май айларында №5,17,10 профессионалдык лицейлердин,Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин,прфессионалдык колледжинин (ИСИТО),И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин,Кыргыз-Казак университетинин ж.б. окуу жайларынын мугалимдери мектепке келип,бүтүрүүчү 9-11 класстардын окуучуларына окуу жайлар жөнүндө агитациялык иш чараларды жүргүзүштү.Ал эми апрель айында 9 класстын окуучулары б6 билим фестивалына барышып,кесипке багыт берүү боюнчамаалыматтарды алып кайтышты.11 класстын окуучулары БГУга экскурсияга барышты.Ошондой эле мектепте кесипке багыт берүү боюнча бурч уюштурулуп,Кыргызстандын жана чет элдеги ЖОЖдор боюнча маалыматтар көрсөтүлгөн.

Тобокел тобу:Жашы жете элек өспүрүмдөр (ИДН)   учетунда

 

1.Жуманазаров Анвар 7 класс

2.Орозбаев Мухаммедали  7 класс

3.Турганбеков Кубандык 7 класс

4.Максатбек уулу Шабдан 7 класс

5.Жунусов Малик 7 класс

6.Эрик кызы Айназик  5 класс

Мектептин ички учетунда1.Талант уулу Кайрат 11 класс

2.Жумаке уулу Эсентур 9 класс

3.Жолболдуев Эльхан 9 класс

4.Балташев Имарбек 7 класс

5.Бактыбек уулу Нурдин 6 класс

Ийримдер: ___

(окуучулар)

спорттук1.Волейбол

2.Баскетбол

3.Футбол

көркөм1.Көркөм кол өнөр кружогу

2.№ 46 орто мектебинин хору

3.Вокал

Предметтик
Мектептик иш-чаралар1.Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка

2.23-сентябрь мамлекеттик тил күнү

3.30-сентябрь “Карысы бардын ырысы бар”акциясы

4.5-октябрь “Мугалим мөмөлүү дарак”

5.11-ноябрь “Күзгү  бал”майрамы

6.18-ноябрь жарандык коргонуу күнү

7.1-декабрь СПИДке каршы эл аралык күнү

8.5-декабрь “Биз биргебиз” акциясы

9.12-декабрь “Чынгыздын Ааламы” иш чарасы

10.9-декабрь “Стоп Коррупция” иш чарасы

11.28-29 декабрь жаңы жылдык майрамдар

12.8-февраль укук  бузууга каршы акциясы

13.15-февраль Афган согушунун 26 жылдыгын белгилөө

14.21-февраль Эне тил фестивалы

15.23-февраль ата мекенди коргоочулар күнү

16.3-март мамлекеттик туу күнү

17.8-март аялдардын эл аралык күнү

18.20-март “салам Нооруз” иш чарасы

19.17-март “Биз кургак учукка каршыбыз”

20.6-апрель Апрель революциясын эскерүү күнү

21.4-май  Конституция күнү

22.9-май жеңиш күнү

23.25-май акыркы коңгуроо салтанаты.

Райондук иш-чаралар:1.21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө карата «Тил-достуктун ачкычы» райондук кароо сынагы

2-орун

2.Райондук ЮИДД-2018 кароо сынагы

3-орун

3.райондук “Жоокер” кароо сынагы

4-орун

4.Волейбол райондук турнирде

1-орун

4.Баскетбол райондук турнирде

1-орун

5.Бука тартыш райондук турнирде

1-орун

Шаардык иш-чаралар:1.19-январь тарых жана адам коом мугалимдеринин шаардык семинары

2.15-февраль Башталгыч класстын мугалимдери үчүн шаардык семинар

3.Волейбол боюнча мектеп лигасында 1 –орун

4.Бука тартыш турниринде 1-орун

5.21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө карата”Тил-достуктун ачкычы” изилдөө долбоорунун шаардык кароо-сынагында

4-орун

6.Мен кыргызстанда жашайм аттуу дил баяндар   республикалык конкурсунда 3-орун 9 а/к окуучусу Сейитканова Кызжибек.

Окуучуларды социалдык колдоо: Окуучулардын жыл аягындагы жалпы саны 1671 окуучу.

1.Тоголок жетим балдар-8

2.Жарым жетим-25

3.Майып балдар-4

4.Көп балалуу үй-бүлө-31

5.Аз камсыз үй-бүлө-30

6.Турмуш шарты оор үй-бүлө-5

7.Толук эмес үй-бүлө-3

8.Чернобль-0

9.Качкындар-0

10.Афганга  баргандардын балдары-2

11.7-апрель-0

12.Баткенде кызмат өтөгөндөрдүн балдары-0

Социалдык жактан коргоого муктаждардын саны жалпы-108

Жогорудагы окуучулардын баардыгына толугу менен билим берилүүдө.Жыл ичинде мектеп ар тараптуу жардам берип турду.Мисалга алсак кышкы кийим менен 3 окуучу камсыз болушту.720 бала жыл ичинде бекер театр,цирк,концерттерге барышты.Жаңы жылда Свердлов райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан берилген белектерге ээ болушту.Мектептин ашканасында 30 окуучу бекер тамак менен камсыз болушкан.Мындан арыдагы мектеп ар тараптан социалдык жактан муктаждарга жардам көрсөтүүсүн улантат.

 

Ата-энелер менен иштөө:Мектепте ата-энелер менен иш алып баруу боюнча иштер оң жолго коюлган.2017-жылдын 16- ноябрьнда мектептин жыйындар залында жалпы мектептик жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү.Бул чогулушта  5 маселе каралды алар:

1.Мектептин 2017-2018  окуу жылына даярдыгы

2.Окуу процесси

3.Укук бузууну алдын алуу

4.2016-2017 окуу жылынын жыйынтыктары.

5.Ар кандай маселелер

Ошондой эле 2018-жылдын 19-майында дагы мектептин жыйындар залында ата-энелер чогулушу болуп өттү.Ал эми ар бир чейрек сайын класс жетекчилер ата-энелер чогулуштарын өтүп турушту.2017-2018 окуу жылында мектепте 52 класс комплект болсо, баардык класс жетекчилер  чейрек сайын ата-энелер чогулушунун протоколдорун өткөрүп турушту.

Профориентациялык штер:  

№46 орто мектебинде кесипке багыт берүү боюнча план түзүлүп,пландын негизинде төмөндөгү иш чаралар өткөрүлдү:

9-11 класстарга кесипке багыт берүү боюнча “Ар бир кесип”ардактуу  деген темада класстык сааттар өткөрүлдү.Апрель,май айларында №5,17,10 профессионалдык лицейлердин,Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин,прфессионалдык колледжинин (ИСИТО),И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин,Кыргыз-Казак университетинин ж.б. окуу жайларынын мугалимдери мектепке келип,бүтүрүүчү 9-11 класстардын окуучуларына окуу жайлар жөнүндө агитациялык иш чараларды жүргүзүштү.Ал эми апрель айында 9 класстын окуучулары б6 билим фестивалына барышып,кесипке багыт берүү боюнчамаалыматтарды алып кайтышты.11 класстын окуучулары БГУга экскурсияга барышты.Ошондой эле мектепте кесипке багыт берүү боюнча бурч уюштурулуп,Кыргызстандын жана чет элдеги ЖОЖдор боюнча маалыматтар көрсөтүлгөн

Окуу-тарбия иштеринин анализи

 

 

Мектеп боюнча окуучулардын жетишүүсү (окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлгөн класстардын жыйынтыктарынбөлүп көрсөтпөө) :

 

 

 

 

отличниктер128
ударниктер365
канааттандырарлык839
Окуучу бир төрт менен
Окуучу бир үч менен25
жетишпеген8
ББК (билим, билгичтик, көндүм) сапаты % 34,2%
Жетишүү %99,4%
 

 

9-класстардын жыйынтык аттестациясы

 

 

Жалпы:127

Киргизилди:126

ВКК боюнча бошотулду:1

Бишкек шаардык мэриясынын БББнын  31.05.18ж. № 247 буйругунун негизинде Пономарева Маргарита мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан бошотулду.

Отличниктер:2

Өзгөчөүлгүдөгү:-

_24_  %  билим сапаты                                _100__ % жетишүү

11-класстардын жыйынтык аттестациясы

 

 

Жалпы:38

Киргизилди:38

ВКК боюнчабошотулду:

Отличниктер:1

Өзгөчөүлгүдөгү:

_18_  %  билим сапаты                                _100__ % жетишүү

 

 

ОлимпиадамектептикБардыгы:     563                      Байгелүү орундардын жеңүүчүлөрү : 282
райондукБардыгы:   22                        Байгелүү орундардын жеңүүчүлөрү : 3
Шаардык предметтик /башка шаардык (аталышын берүү)

 

Городская предметная  /другие городские (дать названия)

Бардыгы:                           Байгелүү орундардын жеңүүчүлөрү :

Математика предмети боюнча башталгыч класстардын окуучулары катышып келишти:

1. Гуламидинов Билал 4кл

2. Ирапов Абас 4кл.

3. Байышбеков Нурислам 5б кл.

4. Ишенов Ийгилик 2кл.

5. Нуркалиева Алия 2кл.

6. Вахитов Мансур 2кл.

7. камчыбекова Налия 2кл.

8. Салимбаев Алимуса 4кл.

 

Республикалык предметтик /башка республикалык (аталышын берүү)

 

Республиканская предметная / другие республиканские (дать названия)

Бардыгы:                           Байгелүү орундардын жеңүүчүлөрү :
 

Эл аралык предметтик /башка эл аралык (аталышынберүү)

 

Международные   (дать названия)   / Международные (онлайн)   (дать названия) 

Бардыгы:                           Байгелүү орундардын жеңүүчүлөрү :
Алтын сертификат:
Долбоор ишмердүүлүгүмектептикДолбоордун жалпы саны:

 1-орун_1__

21-февраль день родного языка ”Тил-достуктун ачкычы” изилдөө долбоорунун шаардык кароо-сынагында

райондукДолбоордун жалпы саны:

2 -орун _1__

21-февраль день родного языка ”Тил-достуктун ачкычы” изилдөө долбоорунун шаардык кароо-сынагында

шаардыкДолбоордун жалпы саны:

 4-орун___

21-февраль день родного языка ”Тил-достуктун ачкычы” изилдөө долбоорунун шаардык кароо-сынагында

эл аралыкДолбоордун жалпы саны:

 1-орун___

2 -орун ___

3 -орун ____

Мектептин ички көзөмөлүКөзөмөлдүн багыттары: Окуучулардын сабакка катышуусу, үйдөн окутуунун абалы, бир «3» менен окуган, таланттуу балдар менен, сабакты начар өздөштүргөн  окуучулар менен иштөө,  «тарбиясы оор» балдар менен иштөө.
Документтер менен иштөө: Мектеп документациясы менен иш алып баруунун сапаты:

 

Техникалык коопсуздук журналы, сабактардын жүгүртмөсүнүн абалы, календардык-тематикалык  план, сабактын план конспетиси ,мамлекеттик пландын аткарылышы,   журналдар, окуучулардын күндөлүгү, алфавиттик китепче, окуучулардын өздүк делосу, окуучулардын  келген,  кеткен буйруктарынын аткарылышы, лабораториялык  жана иш дептерлери, жазуу иштеринин нормага ылайык келиши, всеобуч

 

 

 

 

 

Илимий–усулдук иштин анализи

Милдеттери  :·         Мугалимдин өз билимин жогорулатуу боюнча кандайдыр бир теманын үстүндө иштөө,

·         мугалимдерди курстан өткөрүүнү уюштуруу, шаардык семинарларды уюштуруу,

·         жолдоштук сабактарга кирүү,

·         ачык сабактарды уюштуруу,

·         предметитик декадаларды өтүү,

·          педагогикалык опыттарды жалпылоо,

·          педагогикалык кадрларды аттестациядан өткөрүү,

·          чыгармачыл мугалимдердин иш-тажрыйбасын жайылтуу.

Багыттары: Предметтик сабактарды өтүлүшүнүн абалы,

таланттуу балдар менен иш жүргүзүү,

окуучулардын билим сапатына мониторинг жүргүзүү, чыгармачыл мугалимдер менен иштөө,

жаш адистер менен иш жүргүзүү

Иштин формасы :Тематикалык, класстык- жалпылоо, фронталдык, алдын алуу
Педагогикалык кеңеш(темалары):30.08.2017ж.    1. 2016-2017- окуу жылынын жыйынтыктоо анализи

2.  2016-2017- окуу жылынын окуу планы

3. Күзгү сынактын жыйынтыгы

4. Мугалимдерди комплектөө, сабактардын жүктөмдү

5.Жаңы окуу жылына даярдык

6.Ар түрдүү маселелер

30.08.2017ж.    «Мыйзамсыз акча чогултууга тыюуу салуу жөнүндө»

03.11.2017ж. «№ 46 орто мектептин 2017-2021-окуу жылы үчүн стратегиялык окуу планын бекитүү »

11.11.2017ж.   1.1-чейректин жыйынтыгы.Окуучулардын жетишүүсү.

2. «Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар мене ниш жүргүзүү»

Орус тили жана адабияты мугалими Головина Ю.А. доклады

11.11.2017ж.  Ата энелер жамаатынын Коомдук бирикменин эски окуу корпусунун (1963 жылы курулган) терезе жыгач блокторун темир пластика блокторуна алмаштырууда стимулдаштыруу программасына катышуусу. Мектептин ата-энелеринин «Келечек тиреги» коомдук фонду.

01.12.2017ж.  Ички көзөмөлдүн жыйынтыгы

04.12.2017ж. «Мыйзамсыз акча чогултууга тыюуу салуу жөнүндө»

10.01.2018ж. 1.  2-чейректин жыйынтыгы.Окуучулардын жетишүүсү

2. «Үй тапшырмалары бекем билгичтиктерди жана билимдерди калыптандыруунун каражаты катарында» доклады башталгыч класстын мугалими Ткачева Е.О.

3. Доклад «Тынчсыздануу деген эмне?» кыргыз тили мугалими Каджибекова Э.К.

4. «Мугалимдердин Кыргыз Республикасынын «Билим берүү мыйзамына»  ылайык өзүнүн милдеттерин түздөн түз сактоо жөнүндөгү» буйругу менен тааныштыруу.

30.03.2018ж.

1. 3-чейректин жыйынтыгы, Окуучулардын жетишүүсү

2. Доклад.мектептин психологу Бакытов Т.Б. «Педагогдардун кесиптик чеберчилигин өзүн-өзү  баалоосу»

23.05.2018ж.

1. 1-4-класстардын кийинки класска көчүрүү жөнүндө

2. 5-8- жана10-класстарды көчүрүү экзаменин тапшырууга уруксат берүү.

3. 9-, 11-класстарды  мамалекеттик жыйнтыктоочу сынакты тапшырууга уруксаат берүү

4.Мамлекеттик үлгүдөгү билими тууралуу документке жазылуучу окуу предметтерин тактоо

5.Ар түрдүү маселелер.

30.05.2018ж. Көчүрүү экзамендердин жыйынтыгы, 5- 8-, 10-класстардын кийинки класска көчүрүлүшү

19.06.2018ж. 9-, 11- бүтүрүүчү класстары  жана негизги жалпы билим жөнүндөгү күбөлүктү, жалпы орто билими жөнүндөгү аттестатты тапшыруу  жөнүндө

 

 

Усулдук кеңеш(темалары): «Журнал толтуруунун эрежелери»

«Жаш адистерге сунуштар»

«УБ жетекчилери үчүн сунуштар»

«Сабактын түрү жана тиби»

«Эссе жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча сунуштар»

«Заманбап каражаттарды колдонуунун сапаттуулугу»

Мектептин бирикмелери

(ишмердүүлүктүн багыттары):  

1. Башталгыч класстар УБ

«Окуучулардын туруктуу нравалык, окуу ишмердигин түптөп жаратуу»

2. Табигый –социалдык УБ

«Сабакта окуучулардын таанып- билүүчүлүк жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн уюштуруу»

3. Эстетикалык-эмгек циклы

«Окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн өркүндүү»

4.Кыргыз тили жана адабияты УБ

«Кыргыз тилин тереңдетип окутуп, сабаттуу жазууга үйрөтүү»

5.Орус тили жана адабияты УБ

«Сабактын сапаттууулугу- окуучулардын чыгармачылыгын активдүү уюштуруунун жыйынтыгы»

6.Англис  тили УБ

«Чет илге болгон таанып билүү кызыкчылыгын түптөп жаратуу»

7. Табигый математикалык УБ

«Сабакта окуучулардын чөйрөгө болгон таанып- билүүчүлүк жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн уюштуруу жана коргоо»

Мугалимдердин өз билимдерин жогорулатуусу:

Повышение квалификации учителей:

1. Сматова Г.Ш.- «Новые подходы к укреплению общеобразовательной организацией в условиях реализации государственных образовательных стандартов» 16 саат.01-02.03.2018ж.

2.Кожобекова А.С.- «Организация работы с одаренными детьми» 32саат.03-09.02.2018ж.

3. Алапаева Гүлмира- «Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы» 72 саат. 19.02-02.032018ж.

4.  Кожобекова А.С.-  «Көркөм өнөр жана технолгия предметтерин окутуунун теориясы жана методикасы» 72 саат

02-13.10.2017ж.

5.Тынаева С.К.- «Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде орус тили жана адабияты предметин окутуунун теориясы жана методикасы» 72 саат. 05-17.06.2017ж.

6. .Усупова М.А.- «Организация работы с одаренными детьми» 32саат.03-09.02.2018ж.

7.Мусакеева Ж.Б.- «Информатиканы окутуунун теориясы жана методикасы» 72 саат.21.05.-01.06.2018ж.

Инновациялык ишмердүүлүк (формасын жана багыттарын көрсөтүү) Заманбап каражаттарды колдонуу менен окуучулардын чыгармачылыгын өркүндөтүү багытында

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Каджибекова Элмира Каджибековна 23- сентябрда «Тил улуттун күзгүсү», райондук көркөм окуу сынагына катышып 8-б класстын окуучулары Тыныбеков Кайрат, Маматсали уулу Нурлан 1-орун, Кумарбек кызы Жазгүл 2-орун, сыдыкбекова Аруукен 3-орунга ээ болушту ошондой эле атаэнелер чогулушун кантип өтүү керек жана «Тынчсыздануу деген эмне?»темасында, жаш мугалимдерге «Сабактын түрү жана тиби» , «Эссе жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча сунуштар» темасында өтүлдү

Кесиптик чеберчилик кароо- сынактары жана иш-чаралар :РайондукАталышы : «Жүрөгүм менин – балдарда»

Орун:4-орун

Башталгыч класстын мугалими Оморова Сагын 3-б класс менен катышты.

шаардыкАталышы :

Орун::

РеспубликаАталышы :

Орун:

МеждународныеАталышы :

Орун:

 

ЖОЖ менен байланыштары

Кыргызстан КНУ, КЭУ, ЮРАКАД.
Чет мамлекеттер 
 Усулдук семинарлар:Район Аталышы :

Орун:

ШаарАталышы :башталгыч класстардын семинары ««Башталгыч класстарда билим берүүнүн милдеттери»

Башаталгыч  кыргыз класстардын мугалимдери.

Тарых мугалимдери үчүн семинар

«Холокость 27-январь»

РеспубликаАталышы :

Орун:

Эл аралыкАталышы :

Орун:

Эл аралык долбоорлор: 
Психологиялык кызматын ишинин анализи:

 __психолог

Отчет

о проделанной работе психолога СШ № 46

за 2017-2018 учебный год.

 

Основной целью психологической работы  было создание благоприятного климата в школе и индивидуальный подход к  детям.

Для этого решались следующие задачи:

– организация работы психологической службы

– диагностика

– профилактика

– коррекция

– консультирование

– методическая работа

 

 Диагностика (прогноз и профилактика проблем обучения):

1.                  Собеседование в первый класс

2.                  Сопровождение  начальной школы

3.                  Сопровождение средней школы

4.                  Массовая диагностика.

 

Профилактика

1.                   Групповые занятия с трудными детьми

2.                  Профилактика  о вреде алкоголя и наркомании (видео) 7-8 классы

3.                  Профилактическая работа с родителями

4.                  Коррекционно-профилактическая работа с учителями

5.           Повышение уровня успеваемости учащихся

6.           Посещение уроков

7.           Тренинг в 7 классе на тему: «Саморегуляция и контроль в межличностном взаимодействии».

8.        Семинар на общешкольном собрании “Общение с ребенком как метод воспитания с ребенком” в первом полугодии, во втором полугодии “Профилактика суицидального поведения”.

 

                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                      Коррекция

1.                  Работа с группой трудных подростков

2.                  Работа с детьми девиантного поведения

3.           Работа с тревожными детьми.

 

Консультирование

В течении 2017-2018 учебного года проведено 55  индивидуальных консультаций учащихся, педагогов, родителей.

 

Методическая работа

Тренинги с педагогическим коллективом на тему: «Профилактика суицидов и методы выяления детей в риске»; «Профессиональное выгорание учителей и методы борьбы с ними»; “профессиональная самооценка педагога”

В целом психологическая служба СШ № 46 с поставленными задачами справилась, эмоциональный и психологический климат в школе соответствует норме.

 

 

Психолог СШ № 46        Бакытов Т.

 

 

 

 

Соцпедагог кызматынын ишининанализи:

___ соцпедагог

Свердлов районунун №46 орто мектебининсоциалдык педагогу А.А.Жакыпованын   2017-2018-окуу жылына карата жылдык отчету

№46 орто мектебинин социалдык педагогунун иши 2017-2018-окуу жылына карата түзүлгөн пландын негизинде жүргүзүлдү. Жыл  ичинде социалдык – педагогикалык  иштин эң негизги багыттарынын бири – баланын жашоо тиричилигиндеги орчундуу маселелерди чечүүдө бала менен үй-бүлөнүн, мектептин, коомдук чөйрөнүн, социалдык кызматтардын, ведомстволордун, укук коргоочу жана администрациялык  органдардын ортосунда алардын кызыкчылыгын жактоо, оор кырдаалга кабылган балдардын социалдык калыптанышы үчүн шарттарды түзүү жана ага жагымдуу, педагогикалык жактан максатка ылайыктуу  социалдык чөйрөнү түзүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, өспүрүмдөрдүн журум турумундагы кемчиликтердин алдын алуу,кыйынчылыктарды жеңе билүүгө,өз алдынчалыкка,өзүн таанууга жардам берүү,                                       инсандык,кесиптик билимдерди алууга,мамиле түзө алууга,чыгармачыл кызыкчылыктарын калыптандырууга жардамдашуу.

Жакшы натыйжаларга жетүү үчүн социалдык педагогдун негизги багыттары

·         «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы, Баланын укуктары жөнүндө конвенция, нормативдүү актылар (жоболор).

·         Ата-энелер менен байланыш түзүү.

·         Окуучулардын социалдык абалын иликтөө.

·         Баланын жүрүм турумуна байланышкан, кыйынчылыктарды, чыр –чатактуу кырдаалдарды, жүрүм турумдагы кемчиликтерди аныктоо максатында үй-бүлөнү иликтөө.

·         Ата-энелер менен балдардын мамилелерини жакшыртууга көмөктөшүү. Бейжай үй-бүлөдөгү балдардын баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү.

·         Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатууга, аларды ата-энелик милдеттерге аң сезимдүү  мамиле жасашына көмөктөшүү, ошондой эле ата- энелер менен мамилеси начарлаган  балдардын мамилелерин чечүүгө жардам берүү.

·         Балдарды коргоо жана социалдык колдоо, өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды корүү

·         Жетим жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды турак жай , пенсия менен камсыздоо боюнча көмөк көрсөтүү.

·         Класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерге тартуу, балдар жана жаштар уюмдары, мекемелери, клубдары менен кызматташуу аркылуу балдардын бош убактысын уюштурууга көмөктөшүү.

·         Балдар иштери боюнча комиссияга катышуу.

·         Зарыл болгондо, балдардын  өздүк документтерин (туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү, паспортун) калыбына келтирүүгө жардам берүү.

·         Мугалимдер, мектеп психологу, ата-энелер, аларадын ордун баскан адамдар, атайын социалдык кызматтар, кайрымдуулук уюмдары менен кызматташуу.

·         Социалдык –педагогикалык кеп-кеңеш берүү.

·         Алдын алуу, түзөтүү жана калыбына келтирүү ж.б.

·         Талдоочулук-диагносточулук.

·         Прагноздоо.

·         Коррекциалык.

·         Ортомчулук .

·         Бала менен жекече сүйлөшүү, үй шарты менен таанышуу.

·         Турмуштук кыйын кырдаалга кабылган балдар менен иш алып баруу.

·         Ата-энелеринин камкордугунан ажырап калган балдар менен иштөө.

·         Акыл-эс же тулку- бою жагынан өксүгү бар балдар.

·         Зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдар.

·         Жакыр үй-бүлөдө жашаган балдар.

Уюштуруу учуру

·         Аңгеме , анкета, тестирлөө

·         Баланын документтерин анализдөө

·         Медициналык

·         Психологиялык, педагогикалык жактан колдоо көрсөтүү.

·         Байкоо, мактоо, өздүк делолорун түзүү, жакындан аңгемелешүү.

·         Ишендирүү, жыйынтык чыгаруу.

Документтерди жаңылоо, тактоо, түзүү.

Окуу жылы  2017-2018-жаңы окуу жылына карата  документтерди жаңылоо, толуктоо,  тактоо, түзүү иштери менен башталды.

v  Социалдык педагогдун жылдык планы;

v  Укук бузуулардын алдын алуу  боюнча жылдык план;

v  201-2018 –окуу жылындагы окуучулар менен алып баруучу иштердин планы;

v  2017-2018 – окуу  жылындагы  социалдык педагогдун жаш өспүрүмдөр  тескөөчүсү менен алып  баруучу  иш  чаралардын планы;

v  2017-2018 – окуу жылындагы  социалдык педагогдун жана мектеп  психологунун  биргелешкен иш планы;

v  № 46 орто мектебинин  ата-энелер кенештеринин биргелешкен иш планы;

v  Жашы жете элек балдарга карата зомбулук жана катуу мамиле,жайсыз үй-бүлөлүк мамилелердин алдын алуу боюнча иш чаралардын планы;

v  Каттоодо турган балдар менен алып баруучу иштеринин планы;

v  Зыяндуу көндүмдөрдүн алдын алуу боюнча иш план;

 

Окуучулардын социалдык абалы такталып, толуктоолор киргизилип,төмөнкү тизме түзүлдү:

– Жашоо шарты оор үй – бүлөлөр;

– Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр;

– Тоголок жетим, кароосуз калган, багып алынган, кам көрүүдөгү балдар;

– Инвалид (майып) балдар, Акыл-эс же тулку- бою жагынан өксүгү бар балдар;

– Көп балалуу үй-бүлөлөр.

Мектеп окуучуларынын социалдык паспорту жана балдардын жашоо шартын иликтөө үчүн социалдык сурамжылоо анкетасы түзүлдү. Социалдык педагог класс жетекчилер менен бирге тыгыз байланышта болуп, ар бир класстын социалдык абалы боюнча толук маалыматтар алынды. Ар бир класс жетекчи класстын, үй-бүлөнүн социалдык паспортторун толтурушту. Ушунун негизинде мектептин социалдык паспорту толтурулду.

 

 

КатегорияСентябрьМай
Жалпы окуучулардын саны16771654
Көп балалуу үй-бүлөлөр3131
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр3030
Жайсыз  (неблагополучная ) үй –бүлөлөр57
Ата-энесиз, асырап алынган, кароосуз калган балдар00
Тоголок жетим88
Жарым жетим2525
Мектепте окуган майып балдар33
Үйдө билим алган майып балдар11
Мигранттардын балдары3232
Ички мигранттар1414
Толук эмес үй-бүлөлөр4545
Баткен
 Чернобль
Афган22
Иштеген окуучулар77
7-апрель11

 

.Жыл ичинде мектеп администрациясы, класс жетекчилер менен чогу жайсыз  үй-бүлөлөрдүн (неблагополучная семья) үйлөрүнө рейдке чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ата-энелердин балдарынын окуусу үчүн түзгөн шарттарын текшердик. Баланын жүрүм –турумуна байланышкан кыйынчылыктарды, чыр –чатактуу кырдаалдарды, жүрүм-турумундагы кемчиликти аныктоо максатынды кээ бир үй-бүлөлөргө аныктоо жүргүздүк. КДНдин каттосунда турган үй – бүлөлөргө изилдөө, байкоо жүргүзүлүп алардын соц-психологиялык баракчалары толтурулду.

Жайсыз (неблагополучными) үй-бүлөлөр менен аткарылган иш.Рейддердин

саны

Үй-шарты текшерилген үй-бүлөлөрЧогу иш
Ата-энеси ичимдик ичкен окуучулардын үйлөрүн кыдырып, балдарынын окуусуна түзүлгөн шарттарын текшерип, ата-энелер менен маектешип, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.310Класс жетекчи, мектептин психологу, өспүрүмдөрдүн тескөөчүсү, балдарды асырап алуу жана коргоо бөлүмү (ОПЗД).

Багып алынган, кам көрүүдөгү үй-бүлөлөргө социалдык жана психологиялык жардам берүү максатында үйлөргө барып байкоо, изилдөө иштерин жүргүзүүдөбүз. Өзгөчө көзөмөл жүргүзүү жана жардам берүү максатында тийиштүү кызматтар менен жолугушуулар уюштурулуп турат.

 

Багып алынган,кам көрүүдөгү,көп балалуу,аз камсыз болгон, жашоо шарты оор үй-бүлөдө тарбияланган окуучуларга мамлекет тарабынан бекер тамак уюштурулган. Биздин мектепте 15 окуучу бекер тамак менен камсыз кылынган.

 

Бекер тамактанууга окуучулардын саныКатегория
жыл башындажыл аягында
1515багып алынган,кам көрүүдөгү,көп балалуу,аз камсыз болгон, жашоо шарты оор үй-бүлөлөр.

 

2017-2018-окуу жылында окуучулардын сабакка болгон катышына көзөмөл жүргүзүлдү. Сабакты көп калтырган, тартиби начар окуучулардын үйлөрүнө мектептин нускоочусу Кадыркулов Зоокарбек, мектептин социалдык педагогу Жакыпова Айжан жана класс жетекчилер менен биргеликте барып, жашоо-шарты менен таанышып, ата-энелери менен маектештик. Ар бир ата-энеге түшүндүрүү ишин жүргүздүк.

2017-2018- окуу жылында № 46 орто мектебинин соц.педагогунун каттоодо турган балдар менен алып барылган  иши. Негизги максат окуучунун жүрүм-турумундагы кыйынчылыктарын жоюуга ,коомдук турмуштун  мыйзамдарына, талаптарына көндүрүү, жашоого болгон көз караштарын калыптандыруу,псих.ыңгайлуулук түзүү,С.Ж.М. үгүттөө, маданият, этика талаптарын калыптандыруу.ж.б. Мектептин ички көзөмөлүндөгү  «Риск» тобундагы, КДНдин каттосундагы окуучуларга изилдөө, байкоо жүргүзүлүп, алардын соц-психологиялык өздүк каттоо баракчаларын толтурулду. Өзгөчө көзөмөл жүргүзүү жана жардам берүү максатында тийиштүү кызматтар менен жолугушуулар  уюштурулду. Социалдык жана психологиялык жардам берүү максатында үйлөргө барып үй-бүлөнүбайкоо,изилдөө иштери жүргүзүлдү. Үй-бүлөдө жашоо шарты оор экендиги байкалганда ата-энеге укуктук чаралар колдонулду. Багып алынган,кам көрүүдөгү,көп балалуу,аз камсыз үй-бүлөлөрдүн жашоо шарты менен таанышып, тарбия берүүдө болуп жаткан кыйынчылыктары, керектөөлөрү аныкталды. Каттоодогу окуучулар менен жеке алдын алуу аңгелешүүлөр жүргүзүлдү (мектептин уставы менен тааныштыруу, укук бузуучулук иш аракеттери жөнүндө). Мектеп  ичиндеги ар түрдүү кружокторго, секцияларга, иш чараларга,тренингдерге,мектептин коомдук иштерине тартылды. Жайкы эс алуусунун уюштуруу, жумушка орношууга жардамдашуу көрсөтүлдү.

Мектептин социалдык педагогу жана мектеп коллективинин алдын алуу ишинин натыйжасыда 2017-2018-окуу жылында төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды:

 ИДНдин көзөмөлүндөгү окуучулардын саныМектептин каттоосундагы окуучулардын саны
Сентябрь 2017Жыл ичинде алындыЖыл ичинде коюлдуМай 2018Сентябрь 2017Жыл ичинде алындыЖыл ичинде коюлдуМай

2018

6 окуучу

2 үй-бүлө

6 окуучу

0

  6 окуучу

3 семья

0

3 үй-бүлө

12 окуучу.

4 үй-бүлө

12 окуучу

0

12 окуучу

4 үй-бүлө

0

4 үй-бүлө

Социалдык-педагогикалык кеп-кеңеш

Класс жетекчилер  .  Жыл ичинде класс жетекчилер менен биргеликте класстык сааттарга катыштык, класстык сааттын темалары  бөлүштүрүлүп берилди, социалдык-педагогикалык  кеп-кеңештер берилди, алдын алуу, түзөтүү жана каалыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Педагогикалык маданиятты жогорулатуу максатында тренингдер, лекциялар өткөрүлдү.

Ата-энелер .  Мектептин ТИ б-ча дир.орун басары, соц.педагогу, психологу, ИДН, ата-энелер кеңештеринин биргелешкен жылдык планын иштелип чыккан.  Балдар менен жана ата-энелер менен алардын ар биринин укуктары жана милдеттери, жоопкерчилик, укук коргоо мыйзамдары, укук бузуу жана кароосуз калтыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү (тренинг,лекция,аңгемелешүү,тематикалык чогулуштар) өткөрүлдү.М: «Балдардын укугу жөнүндө Конвенция» талкуулоо.       «Укук жана жоопкерчилик» жумалыгы өткөрүлдү. Мектептин микроучасткасы боюнча иш алып баруу,бардык мектеп жашындагы балдардын мектепке тартылышына жардам берүү,үй-бүлөнүн жашоо шарты менен таанышуу жана жардам берүү максатында үйлөргө баруу ищтери жүргүзүлдү. Жайсыз жашоо шарттагы үй-бүлөлөр менен иш алып барылып, жайсыз жашоо шартынын себептерин, аларга социалдык. юридикалык, укуктук, материалдык жардам берүү жолдорун табуу аркылуу жайсыз жашоо шартын жоюу иштери жүргүзүлдү. Зарыл болгондо, балдардын  өздүк документтерин (туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү, паспортун) калыбына келтирүүгө жардам берүү иштери да жүргүзүлдү.

Окуучулар .   Өспүрүмдөрдүн жүрүм турумундагы кемчиликтердин алдын алуу, кыйынчылыктарды жеңе билүүгө,өз  алдынчалыкка, өзүн таанууга  жардам берүү,                               инсандык,  кесиптик билимдерди  алууга, мамиле түзө алууга,чыгармачыл кызыкчылыктарын калыптандырууга жардамдашуу максатында лдын алуучулук иш чаралары өткөрүлдү. «Ишеним телефону» аңгемелешүү  (1-5 класстар),«Укук жана адептүүлүк»  (10-11 класстар), СПИД менен күрөшүү эл аралык күнүнө карата класстык сааттарды өткөрүү (1-11 класстар) ж.б. иш чаралар уютурулду. Зыяндуу көндүмдөрдүн алдын алуу максатында ар түрдүү иш чаралар өткөрүлдү. Тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана жаш өспүрүмдөрдүн тескөөчүсү менен биргеликте жолугушуу кечелери, лекциялар өткөрүлдү.

2017-2018-окуу жылындагы өткөрүлгөн иш чаралар

Окуучулар менен өткөрүлгөн иш чаралар·         Класстык сааттар 9-11 класстарда:

«Наркотик улут коркунучу».

·         Класстык сааттар 4-11 класстарда:

«Тамеки тартуу ден соолукка зыян».

·         Дил баяндар 9-11 класстарда:

« Жашоо манызы эмнеде?»

  • Класстык саатар 5-7-х класстарда:

«Мои права и обязанности».

  • Класстык сааттар 5-7 класстарда:

«Мы в ответе за свои поступки»

  •  ИДН кызматкерлери менен

биргеликте кеңештер 7-10 класс-

тарда: «Ответственность за совер-

шение преступлений и админис-

тративных правонарушений, не-

отвратимость наказания»,

«Пагубное воздействие

наркотиков», «Внимательное и

бережное отношение к вещам»,

«Уголовная ответственность  за

совершение преступлений террор-

истической направленности».

  • МАИ кызматкери менен биргелик-

те кеңештер 1-10 класстарда:

«Пешеход, пассажир».

  • Класстык сааттар 6-класстарда:
  •  « Профилактика употребления

спайсов, солей и курительных

смесей».

  • Класстык сааттар 2-6 класстарда:

«Правила поведения в школе».

  • Акция «Я имею право!»
  • Акция « Мы вместе»
 

Ата-энелер менен өткөрүлгөн иш чаралар

 

  • Ата-энелер чогулушу
  • «Школа и родители»
  • Ата-энелер чогулушу
  •  «Тынчсыздануу деген эмне?»
  • Ата-энелер чогулушу

«Права и обязанности родителей.

  • Ата-энелер чогулушу

9-класстарда:

«Обязанности родителей».

  • Акция:

«Всемирный день телефона

доверия» – 1-11кл.

  • Кенеш:  «Ишеним телефону»

 

 

 

 

 

Жыйынтык:

·          Мектептин темасынын теориялык жактан ачылышына салым кошуу, изденүү

·         Сабактын формасын туура тандап алуу, ар бир сабакка мугалимдин жогорку деңгээлде даярдануусу, заманбап технологияны колдонуу аркылуу сабак өтүү

·         Жаш мугалимдердин жана насаатчылардын өздөрүнүн иштерине жоопкечиликтүү мамиле кылуусу

·         Предметтик декададан сырткары предметтик иш-чараларды өткөрүү

·         Окуучулардын билим сапатын жогорулатууда предметтик мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүү.

·         Укук бузууларды алдын алуу иштерин күчөтүү.

·         Начар окуган турмуш шарты оор окуучулардын сабакка катышуусун көзөмөлдөө