“3-декабрь-Эл аралык майыптар күнү”
3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата №46 орто мектебинде ” Жакыныңа жардам бер” аттуу акция өткөрүлдү. Акциянын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, турмуш шарты оор балдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү. Бул акциянын жүрүшүндө №46 орто мектебинин мугалимдери,окуучулары жана ата энелер мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кийим-кече, бут кийимдерди, таттууларды, кеңсе буюмдарды, оюнчуктарды чогултуп беришти. Тигүү цехинде иштеген окуучулардын ата-энелери кышкыга жылуу кийимдерди берип жиберишкен.
Кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү үчүн чогултулган белектер ( кийим-кече, кеңсе буюмдары, бут кийимдер, таттуулар) Бишкек шаарындагы №30 мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын мектебине тапшырылды.
Комментарии