Бугүн 5-март күнү №46 орто мектебинде Свердлов райондук №20 аймактык территориалдык башкармалыгы менен биргеликте жылдагыдан да шаңдуу, жандуу уюштурулган “Ак калпак күнү” белгиленди. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү майрамдын урматына окуучулар өзүлөрүнүн чакан «флешмоб» көрсөтүп, коцерттик номерлерин тартуулашты.
Ал эми кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып, мурас катары калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары балоо максатында демилге көтөргөн режиссер Рысбек Жабиров, Свердлов райондук №20 аймактык территориалдык башкармалыгынын башчысы Сагынбек уулу Нурбек конокто болду.
Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн Рысбек Жабиров “Ак калпак күнү” расмий түрдө майрам болбосо да, кыргыз эли үчүн чоң майрам экенин, ак кар баскан Ала Тоонун чокуларын чагылдырган улуттук баш кийимибиз Кыргыз жигиттерине айбат,сүр берип, айкөлдүгүн көргөзүп эң негизгиси ак калпагы менен алар ар дайым бийик экенин даңазалап келет. Баарыбызда эле ушундай сезим пайда болсо керек, жапырт ак калпак кийген мырзаларды көргөндө көкүрөктө мекенчил сезим күчөп, Кыргыз болуп жаралганыбызга сыймык артарын билдирди.
Кыргыз элинин ак калпагын баалуулук катары балоо максатында демилге көтөргөн Рысбек Жабиров №46 орто мектебиндеги спорт, билим, көркөм окуу жаатында райондо эле эмес шаарда, республикада татыктуу орунга ээ болгон окуучуларга өзүнүн белекке алып келген ак калпактарын тапшырды.
Комментарии